Бишкек шаардык соту мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловду актады

Бишкек шаардык соту мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловду актады. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнь күнү жактоочу Акин Токталиев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Чубак ажы Жалиловго кылмыш иши козголгон. Анда ага "Дин башкармалыгын башкарып жүргөндө ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон" деген айып тагылган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2015-жылдын 30-апрелинде Чубак ажы Жалиловду актаган. Бирок буга макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Мындан улам кечээ, 4-июнь күнү Бишкек шаардык соту ишти карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
KIPCHAK-KALMAK
2015-06-05 16:25:34
Ураа акыйкат бар экен айабай суйундум эми буйурса дагыда афторитети которулот устазыбыздын.
+6
orhidea83
2015-06-05 16:29:35
Исламды терен тушунгон кругазору ото кенен бут тараптан маекти майын чыгарган аалым катары тааныйм, албетте акталышы керек эле , сизге жана уй булонузго эки дуйно бактылуулукту каалайм.
+6
begimai93
2015-06-05 16:57:01
Кыргыз эли эмне бири бирибизди коро албайбыз,бир адам кичине корунуп баштаса ага колдоо корсоткондун ордуна жок кылганга аракет кылабыз.Мындай журсок Кыргызстан качан онугот белгисиз.
+4
Gulgamal
2015-06-05 17:00:04
ак ийилет бирок сынбайт деген ушулда.
+3
Meerima.Majitova
2015-06-05 18:30:56
Аллахым озу колдосун!! Чубак ажы уй булонуз менен аман болунуз сизге ден соолук,
+3
ulan_rysbaev
2015-06-05 20:08:54
Бул кишини Меккеден Кыргызстанга кеткенде Меккенин аалымдары окунгон дейт. Илим Кыргызтанга кетти деп. Ушундай аалым ажыкебизди куру доомат таккандан коро, ар дайым сабактарына катышып баркына жетели. АЛЛАХ Чубак ажыдан ыраазы болсун!
+4
eldar96
2015-06-05 20:55:06
орто азия боюнча эн кучтуу алым деп ушул адамды эсептейт экен... билесинерби бул аалым Меккеден Кыргызстанга келмекчи болуп жатканда Иран, Ирак мамлекетери казы болуп берин деп жалдырашкан экен бирок Чубак ажы оз мекенин тандады.
+3
eldar96
2015-06-05 20:58:36
Бизде президенттен кийинки экинчи адам премьер-министир болуп саналса, арап малекеттеринде падышадан кийинки эле адам казы болуп эсептелет, мындайча айтканда эн чон мартабалардан баш тартып кызматын оз мамлекетине арнагысы келди десек жарашат.. биз сиз менен сыймыктанабыз бул аалымдан мен коп нерселерди уйрондум
+4
bujum32
2015-06-05 21:21:29
Жакшы жакшы мен отто кубанычтамын. АЛЛАХУ АКБАР.
+1
Danel
2015-06-06 01:32:36
Жубак ажы Жалилов, кайсы бир партияга кирип, эмики парламенттик шайлоого катышып, депутат болуп, парламентте дин жонундо мыйзамдарды ойлоп таап киргизем деген максаты бар экен.
Эгер ушул максаты ишке ашса, жакшы болот эле коомчулука!
+5
jalguzum
2015-06-06 04:30:11
Ушул чубак ажынын айткандарын масалаларин угуп куйоом намага жыгылган
+2
Jigitronic
2015-06-06 09:00:27
Чубак ажыны баары эле колдосо керек,анча мынча эле "акылдуулар"жаман деп көө сүйкөбөсө.Мен ал кишидей болууну эңсеп жүрөм,бирок колдон келбей жатат.
+2
beka1525
2015-06-06 12:46:14
ЧУБАК АЖЫ эн акылдуу,таасирдуу,ар бир суроого туура жооп,жана жол корсото алган дин Аалымы.Урматтуу, кадырлуу, кыргыз элинин суйуктуу Аалымы Чубак Ажы, сизге Аллахым денсоолук Омур дайыма Кыргыз элиниз мн бирге болунуз мен сиздин, айткан Насаатарынызды коп угамын.Сиздей Аалымдар кобойсун Кыргызстаныбызда.
+2
880909
2015-06-06 20:59:09
электрик или строитель эсимде жок бир жолу эки адам Чубак ажынын уйундо иштеп калышыптыр бир чон болмосу баштан аяк бутун китеп экен анан бироосу кызыгып сурап калыптыр ушунун баарын окуйсузбу деп, ошондо Ажы арасынан каалаган бир китебинди алып любой бир бетин ач айтып берем дептир деп укканым бар демек мындай адамдын баркына жетип башыбызга которуп алышыбыз керек
+1
maksnarin
2015-06-07 16:26:14
Мен урматтаган аалымдардын бири!Чубак ажы аман болуп,бизди жаман нерселерден сактоочу илиминизди жайылтып журо бериниз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан