Бишкекте кылмышка шектүү эки адам СИЗО-1дин кире беришинен качып кетти

Бишкекте кылмышка шектүү эки адам СИЗО-1дин кире беришинен качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнь күнү Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 8-июнда саат 22:00 чамасында болгон. Анда тергөө амалдарынан кийин кылмышка шектүүлөрдү СИЗО-1ге киргизип жатканда алар качып кетишкен.

Качып кеткендердин бири 1979-жылы туулган Закир Юсуров мурда 8 жолу алдамчылык боюнча соттолгон. Ал эми экинчиси 1993-жылы туулган Ибрагим Юсуров мурда каракчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Сүрөттөгү адамдарды көрүп-билгендер болсо, (0550) 88-87-24, (0703) 03-22-74, (0312) 43-01-27 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
admin_media
2015-06-09 14:58:46
zara__,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
0
Medina87
2015-06-09 15:00:24
ИИМ кызматкерлерине не болгон озу??
0
Bek.kg1989
2015-06-09 15:23:36
мына сага анекдот
+2
Apsi
2015-06-09 17:05:18
СИЗОго троллейбус менен жеткирген го
+1
E.TARZAN
2015-06-09 17:25:23
Постовой ватсапта отурса керек да берилип, алардын качып кеткенин байкабай))).
+4
Aksy-13
2015-06-09 17:29:45
откондогу бир окуяга окшош экен унтуп атам ал да качып кеткен болчуго сот залынан помоему мен тигинткенде сен качасын анан мен кууп жетпей калам ошондон нары тынчыйсынар иш бутту дегенго, билбейм дагы
+1
Arti
2015-06-09 19:03:59
Шалтуруктар. Кантип тергоо камагына киргизип жаткан качып кетет? Ошол качырып жиберген адамдын устунон шалаакылыгы учун кылмыш ишин козгоо керек. Ушул эле жетишпей турса да.
+1
jazgul80
2015-06-09 19:20:54
Корупция
+1
Gulgamal
2015-06-09 22:04:10
Акча менен озун жабыштыда качыштыда тоба кантип еле качырасынар ошолор бошонуп чыгып качкычейин не кылып олтурдунар карабай
+1
aligator93
2015-06-10 01:40:05
биздин милиция кызматкерлерине заошный бутуп акча менен еч кандай даярдыгы жок лохтор кирип алган болсо ушинтет да милиция деген зынк болуш керек мамлекет айлыкты жакшы толоп бериш керек. ошол качырып жиберген кызматкерлер кантип башын которуп журушот асынып олуп алса болмок мындан коро уят . уят олумдон катуу деп коетко.
+2
ulan_rysbaev
2015-06-10 06:23:35
И жаман болуптур. Милиция кызматкерлерине эч нерсе болбоптурбу? Байкуштарым ич пичинерге тээп койгон жокпу? Нанып кетейиндерим! Озунорду абайлагыла. Качса качты да. Жон койгула жаман адамдарга тенелбей эле койгула. Артынан кубалап.
+5
maalym
2015-06-10 09:06:19
ulan_rysbaev,:-)))))))))))))))))))))))
0
EdikoKG
2015-06-10 09:38:35
Уят! Биздин канвойлордо,жада калса кубалай турган ити да жок го дейм.
0
zezim2000
2015-06-10 10:30:25
биздин орган кызматкерлери эчтеке кыла алышпайт,ушунчалык коррупцияга малынган бул нерсени мен озумдун откоргон окуямдан билемин,Ош шаарындагы МРУнун кызматкерлери мойнуна алып турган кылмышкерди суттон аппак кылып чыгарып,жабыркаган адамдан кайра бирдеме кутушот алар.
0
Mirlan5
2015-06-10 13:36:07
Айла жок кулосунда... соз жок.
0
aziz.k
2015-06-12 11:41:21
Шерменде го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан