Орусиялык белгилүү ырчы Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болду. Бул тууралуу ырчынын атасы Владимир Фриске бүгүн, 16-июнь күнү Орусиянын маалымат каражаттарына билдирди.
Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген. Аны дарылоо үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпы 68 миллион рубль жыйнаганы айтылган. Рак илдетинен улам Жаннанын көзү көрбөй калганын атасы 2014-жылдын март айында маалымат каражаттарына кабарлаган эле. Ырчы 8-июлда 41 жашка чыкмак.
Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы катары таанылган. Ал Орусиядагы бир канча тасмаларда роль жараткан. Жанна менен жолдошу Дмитрий Шепелевдин Платон аттуу уулу бар.