Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргыз өлкөсүнүн 9 жараны бошотулду

Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргыз өлкөсүнүн 9 жараны бошотулду. Бул тууралуу 17-июнда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, куткарылгандар Алматы облусундагы Илий районундагы айылдардын биринде документтери жок, кулчулукта жүрүшкөн. Алардын айтымдарында, Казакстандын укук коргоо кызматкерлеринин көмөгү менен Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан Чүй каналын кечип, Казакстандын аймагына өтүп кетишкен. 9 жаран ал жакта Казакстан жаранынын талаа жумуштарына чыгып иштешкен, бирок эч кандай эмгек акы алышкан эмес.

16-июнда Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы консулдугунун кызматкерлери барып, алардын өтө оор абалда жашап жатышканына күбө болушкан. Алар санитардык тазалык сакталбаган жайда жашашкан жана начар тамактанышып, ден соолуктарына зыян келтиришкен.

Ошондой эле алар менен бирге дагы 8 кыргыз жараны кулчулукта иштеп келгени айтылды. Казак жараны калган адамдарды жашырып коюуга жетишкен. Учурда куткарылгандар кыргыз жерине кайтканга чейин атайын психикалык жана укуктук жактан жардам алуу үчүн Алматы облусундагы реабилитациялык борбордун бирине убактылуу жайгаштырылышты.

Ал эми аларды мыйзамсыз жумушка тарткандарга кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
anjela500
2015-06-17 15:37:15
калп эле баурум деп коюшат булар , эмнеге мынчалык кыргыздарды кордошот,биз аларды эч качан мынтип кордомок эмеспиз,биз ишенчээк, боорукер болобуз
+7
Саби
2015-06-17 16:16:14
Ушундайды угуп жан кашаят,журок ооруйт.Кантип ушунчалык иштетип алып эчтеке беришпейт.Кыргыздар ушинтип кул болуп,кордолобузбу.Эмнеге? Эмнеге озубуз да кунооолубуз,ишенчээкбиз,сабатсызбыз,алсызбыз.Биз башкалардай кызуу кандуу эмеспиз,Анжела жазгандай боорукер, ийкемдуу, эпчил баарын озубуздой корсок керек.
+1
Medina87
2015-06-17 16:16:19
Илийский райондун кайсы айылында болду экен?
0
Adyl1502
2015-06-17 16:50:38
Ошол иштеткен адамды кармаш керек срочно
+1
Bors
2015-06-17 17:50:08
Кыргыз эч качан кул болгон эмес откон кылымдарда. Биздин гендин бузулгандыгы канын жанын берсе да тике карап бетине тукурчу биздин откоол муундун адамдары. Азыр биз коркок алсыз болуп баратабыз.
0
Jonaruk
2015-06-17 21:09:43
казактар жеткен шумшуктор болот документтерин алып алышканда анан кулчулукка кетирип салган олкодон икете албайт деп ошентип биздикилер кылышсынчы коробуз ошондо кандай болоор экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан