Депутаттар түнкү мезгилде жаш балдарга сауналарда, стадиондордо, түнкү клубдарда жалгыз жүрүүгө тыюу салышты

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасындагы балдардын ден соолугуна, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты.
Ага ылайык, түнкү саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин иш-чараларда балдардын жалгыз жүрүүсүнө тыюу салынат. Ага стадиондор, сейил бактар, скверлер, жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары, оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, интернет-кафе, интернет-клубдар кирет.
Эми бул мыйзам долбоорун президент жактырса, аталган тыюу күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан