Бүгүн, 19-июнда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат, Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева, депутат Акуналы Досалиев
Чаткал районунун тургундары жаратылыштын оор шарттарында жашап жатканын билдиришти.
"Чаткалдыктар жаратылыштын оор шарттарында күн кечиришүүдө. Жолу абдан оор абалда. Быйыл райондун 80 жылдыгын белгилеп жаткандыгына байланыштуу "8 чакырым жол куруп бергиле" деп суранып жатышат. Дарыгерлер жетишпейт экен, ошол жагынан жардам берип, дарыгерлерди алып келип берсеңер дешет. "Деги бизди жогору жактагылар билишет бекен, Кыргыз Республикасынын картасында барбызбы?" дешип армандарын айтышты",- деди эл өкүлү Досалиев.
"Чаткал биздин картабызда бар. Социалдык төлөмдөрдү алып турушат. Кербен - Ала-Бука - Чаткал унаа жолу өкмөттүн планында бар. 80 жылдык мааракеси боюнча мен атайын тапшырма берейин, ошого жараша иш план кабыл алып, иш жүргүзөлү",- деди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.