Бүгүн, 23-июнда маалымат жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев алтын кендерин жер алдынан казып алууну "Ата Мекен" фракциясы колдоорун билдирди.
Текебаевдин айтымында, "Кумтөрдө" алтын казуунун жер алдынан жүргүзүлүшү кыргыз тарапка пайдалуу.
"Азыр кыргыз өкмөтү Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өткөрүп берүүнү депутаттарга таңуулап жатат. Мен депутаттарды абийирдүүлүккө чакырам. Бул элге жана жаратылышка каршы мыйзамды кабыл албоо керек. "Ата Мекен" фракциясы өз позициясынан эч убакта чегинбейт. Биз мындан ары да "Кумтөр" маселесин көтөрө беребиз, анткени ал мамлекеттин кызыкчылыгына терең байланышкан. Эң өкүнүчтүүсү - "Центерранын" өкүлдөрү бир гана Давыдов мөңгүсүн эмес, калган 5 мөңгүнү да талкалагысы келип жаткандыгы. Бул - кылмыш, анткени өкмөт депутаттарды жогорудагы мен эскерткен сунушка добуш берүүгө макулдатуунун аракетин көрүүдө. Мезгили келгенде бул жасалган кылмышы үчүн министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү өз алдынча жооп берет",- деди Текебаев.
Басма сөз жыйынынын аягында партия лидери "Кумтөр" анын шайлоо алдындагы кампаниясынын флагманы болбой турганын баса белгиледи.