Өлкө аймагында
абанын температурасы 2-4-июль күндөрү түнкүсүн +20-25°C, күндүз +41°C болору күтүлүүдө. Бул
тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин метеопрогноз бөлүмүнүн башчысы
Махбуба Касымова билдирди.
Анын айтымында, 2-июлдан 4-июлга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында аба ырайынын температурасы +36° +41°C, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +29°C +34°C болору күтүлүүдө.
“Аба ырайынын мындай ысык маалында, өзгөчө саат 12:00дөн 17:00гө чейин көчөгө чыкпоого аракет жасоо кажет. Суудан көбүрөөк ичип, организмдеги нымдуулук балансын сактоо зарыл. Ошондой эле дыйкандарга сугат иштеринде талааларга нымдуулукту көбүрөөк жиберүү керек экендигин белгилейбиз”,- деди адис.