Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндөгү келишимди ратификациялады. Бул тууралуу 1-июлда Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда айтылгандай, келишимди парламент жыйынына өлкөнүн улуттук экономика министри
Ерболат Досаев алып чыгып, баяндама жасады. Жыйынтыгында Төмөнкү палата келишимди колдоп берди. Айта кетсек, 30-июнда Беларусь парламенти аталган келишимди ратификациялаганы кабарланды. Келишимди биринчилерден болуп Армения парламенти колдоп берген.
Айта кетсек, бул эл аралык келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет.