4-июлга караган түнү Чилиде өтүп жаткан Америка Кубогунда 3-орун үчүн беттеш болду. Анда жарым финалда утулуп калган курамалар Перу менен Парагвай кез келип, перулуктар жеңип чыгышты (2:0). Жеңиш алып келген голдорду Каррильо (48-мүнөттө), Герреро (89-мүнөттө) киргизди.
Кошумчалай кетсек, Перу жарым финалда Чили курамасына 2:1 эсебинде утулса, Парагвай болсо Аргентина курамасына 6:1 эсебинде утулган.