Бир катар мамлекеттердин башчылары Алмазбек Атамбаевге көңүл айтышты

9-июлда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Грузиянын президенти  Гиоргий Маргвелашвили, Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 
“Орду толгус жоготууңуздун оор кайгысын тең бөлүшүп, чын дилимден көңүл айтам. Сизге, сиздин туугандарыңызга жана жакындарыңызга күч-кубат, кайрат берсин”,- деп айтылат Рустэм Хамитовдун телеграммасында.
“Бир туугандан  айрылуу – орду толгус оор жоготуу. Жакын адамдарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жалпы Грузия элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө ушул оор жана кайгылуу маалда чын дилимден көңүл айтам”,- деп белгиленет Грузиянын президентинин телеграммасында.
“Сиздин агаңыз Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сиздин башыңызга түшкөн оор кайгыңызга байланыштуу чын дилимден чыккан көңүл айтуумду кабыл алыңыз”,- деп белгиленет Ислам Каримовдун жиберген телеграммасында.
"Өзүңүздүн кадырлуу агаңыз Калыйбектин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул азалуу күнү кайгыңызды тең бөлүшүп, көңүл айтам. Ыйык Орозо айында маркумдун жаны жанатта болуп, топурагы торко болсун”,- делет Казакстандын президентинин телеграммасында.
Ал эми Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу байланышып, Атамбаевге көңүл айтты. 
Айта кетсек, өлкө башчынын бир тууган агасы Калыйбек Шаршенов 8-июль күнү кечке жуук каза болгон. Анын сөөгү 9-июлда өзү жашап келген Аламүдүн районундагы Арашан айылына коюлду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sayragul
2015-07-10 10:07:14
Жаткан жери жайлуу болсун. Ыйык орозо айында Кудайым суйгон пендесин алып, бейишке киргизет делет. Бейиште болсун. Жакындарына сабыр тилейбиз.
+3
asel.bahtierova
2015-07-10 11:15:02
Биз да уй булообуз м.н конул айтабыз, жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым билип билбей кылган куноолорун озу кечирсин.
+3
suiuktuujar
2015-07-10 18:35:02
Мен да башчыбызга терен кайгыруу менен конул айтам.Жаткан жери жайлуу болсун.
0
bakyt_2015
2015-07-10 19:43:43
Ыйманы саламат болсун.Президент туугандарын мам. иштерге аралаштырбаганынан эч кимисин тааныбайт экенбиз да.Акаев менен Бакиевтин бала-бакыра,ит-кушу, чака-чайнегине чейин таанычу элек.
+1
kazemir
2015-07-10 20:46:14
Алла рааматылык кылсын оомин
0
KGstan81
2015-07-10 21:15:37
Озу Алмазбек Шаршенович мага президент катары анча жакпайт.Бирок бир тууган агасы отуп кеткени жаман болуптур.Озу бул биз жашаган жалган дуйнодо туболук эч ким жашабайт.Ыйык Рамазан айында отуптур Жайы Жанатта босун оомийн!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан