Отставкадагы полковник Абдували Акжолов оор кылмышка шектелүүдө, ал 12 килограмм героин менен кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда КРнын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, Акжолов баңгизатын түштүктөн Бишкекке алып келе жаткан учурда кармалган. “Биздин мекеме бул ишти тергеген жок. Муну Баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иликтөөдө. Белгилүү болгондой, Абдували Акжолов убагында ИИМде иштеп кеткен, кийин пенсияга чыккан. Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда каршылык көрсөткөн экен, денесине залал келтирилген болушу мүмкүн",- деди Сейитов.
Айта кетсек, учурда Абдували Акжолов Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча айыпталууда.