Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева атасынын соттогу ишине жардамдашуу боюнча пара талап кылгандар тууралуу айтып берди. Аны менен болгон сүйлөшүүнү бүгүн, 24.kg жарыялады. Назгүл Түлееванын билдиришинче, коррупциялык иштер Н.Түлеевге карата Бишкек шаардык сотунун чечими чыккандан кийин башталган.
"Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин мен Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековго кайрылып, мүлктү мыйзамсыз конфискациялоо маселеси Жогорку Сотто мыйзамдын алкагында каралышын сурандым. Турганбеков мага бул ишти Данияр Нарымбаев менен чечүүм керектигин, анткени менин атамдын ишинде анын жеке кызыкчылыгы бар экенин, ал тургай анын буйругусуз сот өкүмүнө бир үтүр да коё албастыгын айтты",- деп билдирет Түлеева.
Мындан кийин Нарымбаев менен жолугушканын айтат экс-мэрдин кызы.
"Данияр Нарымбаев менен жолугушууда мен ага Жогорку Соттун судьялары маселеге ансыз кийлигише албай турганын айтып жатышканын билдирип, иштин мыйзамдуу чечилишине жардамдашууну сурандым. Ушул эле күнү Нарымбаевдин талабы менен бизге депутат Хажимурат Коркмазов чыкты жана мыйзамдуу чечим үчүн 50 миң доллар талап кылды. Үч жылдан бери басымда жүргөн биздин үй-бүлө басымдын мындан да күчөшүнөн чочулап макул болдук. Акчаны Коркмазов аркылуу бердик, бирок мындан кийин алар бул акча Турганбековго телефон чалууга гана кетерин айтышты. Мен маселени депутат Коркмазов аркылуу Нарымбаев менен чечүүгө аргасыз болдум. Мага 50 миң доллар бул маселени чечүүдө күлкү келерлик сумма экенин кабарлашты",- дейт Назгүл Түлеева.
Нариман Түлеевдин кызынын айтымында, депутат Коркмазов президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин атынан маселени чечүүнүн эки вариантын сунуштаган.
"Ал Жогорку Соттордун судьяларына команда берүү үчүн дагы 150 миң доллар же соттук иштердин акырына чейин Нарымбаевдин көз салып турушу үчүн 350 миң доллар сурады. Бул мыйзамсыз конфискацияланган мүлктөр боюнча мыйзамдуу чечим чыгаруу үчүн суралган акча. Эгер биз бул сунуштарга макул болбосок атама кысым күчөй турганын, жаңы кылмыш ишин ачууга негиз табыларын айтышты. Экинчи жолугушууга мени Нарымбаев өзү чакырды жана жолугушууга Чыныбай Турсунбеков (парламентте КСДП фракциясынын лидери) да катышты. Акча талап кылуу токтобой турганына көзүм жеткенден кийин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылууга аргасыз болдум",- дейт Түлеева.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты
Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин
билдирген. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Депутат Коркмазов учурда СИЗОдо.