Заманбап смартфонго ээ болуу үчүн "ЭЛДИК КАБАРга" кандай маалыматтарды жөнөтүү керек?

Жаңылыкты эл менен бөлүшүп, утушка ээ бол!

Сузак районундагы мектеп окуучусу Чынберди Жанышов, Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жана Орусиядагы мекендешибиз Алина Мустапакул кызы, Ак-Талаадан Байысбек Жеңишбек уулу, Бишкек шаарынын тургуну Толгонай Таалайбек кызы "ЭЛДИК КАБАРга" кабар жөнөтүп, жеңүүчү болом деп ойлошкон эмес. Алар "ЭЛДИК КАБАР" аркылуу маалыматты гана бөлүшүп, заманбап смартфонго ээ болушту. Актуалдуу окуяларды сүрөткө тартып, уюлдук телефонго ээ болуу - бул реалдуу. Келерки айдын жеңүүчүсү сиз болушуңуз мүмкүн, андыктан маалыматыңыз болсо ыкчам жөнөтүп, заманбап телефон утууга чамдаңыз.

Окурмандар "ЭЛДИК КАБАРга" кандай маалыматтарды жөнөтө алышат?

Турмуштагы өзгөчө көрүнүштөрдү, коомчулукта талкуу жарата алган адамдардын жашоосун же табият кубулуштарын, концерттер, айтыштар, спорттук иш-чаралар болобу, жол кырсыктары, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери, митинг же акцияларга өздөрү күбө болушса, сүрөткө же видеого тартып жөнөтө алышат.

Качан жана кантип жөнөтүү керек?

Маалымат окуя болгон күнү жөнөтүлсө, актуалдуулугун жоготпой, башка жарандардын да өз убагында кызыктуу жаңылык менен кабардар болушуна өбөлгө түзөт. Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жиберип жатып сүрөт же видео тууралуу кыскача баяндап берүүнү унутпаңыз. Баяндоодо "Ким? Эмне? Качан? Кайда? Кантип?" деген суроолорго жооп жазыңыз.

Кандай кабарлар жарыяланбайт?

Окурмандардын далилсиз пикири, акыркы коомдук-саясий окуялар боюнча жеке көз карашы, бирөөнү шылдыңдаган, такталбаган маалыматтар жарыяланбайт. Эгерде бир окуя боюнча 5 адам сүрөт же видео жиберсе, биринчилерден болуп жөнөткөн окурмандын кабары "ЭЛДИК КАБАРга" чыгат.

Урматтуу окурман! "Элдик кабарга" маалымат берүү менен далил катары коомдогу окуяларды сүрөт же видео аркылуу жиберип, мамлекет жетекчилерине үнүңүздү жеткире аласыз. Ал эми "Соңку кабар" бөлүмүнүн кабарчылары окуя боюнча тийиштүү мекемелерден комментарий алып беришет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (64)
Gulya.akbaralieva
2015-10-07 02:34:13
2-бет ачылбайт. Же толуггу менен комментарии ачылбайт супер инфо не кылуу керек???
+1
admin_portal
2015-10-07 11:41:11
Gulya.akbaralieva, саламатсызбы!
2-бет дегенди баскандан кийин кандай катачылыктар чыгып жатат? Кенен купуя аркылуу жөнөтө аласызбы?
+1
Sandrana
2015-10-15 14:58:07
Смартфон бергенинер жакшыго,бирок дагыда кичине подакакалардан кошуп койсонорандан да жакшы болмок,мисалы:утук, чайнек, телевизор,DVD ушул сыяктуу нерселердида себеби Кыргызстан деле чоон мамлекеттердин катарында, ошочо адам смартфон алабыз деп аракет кылып курук кала берсе ар жибергенде кызыгуусу жок болуп калат,эч болбогондо 10 адам ар кандай кичине болсода подаркого ээ болсо кызыгуу да коп болот!
-2
nurik903
2015-10-23 10:33:44
жонотком эч кандай жооп жок
+2
admin_portal
2015-10-26 13:21:20
Zhozho - эскертүү!
Далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат.
-9
Добрый
2015-10-30 10:43:09
Жакшы ойлоп таапсынар эми жонотом
0
bur07
2015-11-13 13:13:38
Бугун саат 12 лер чамасында Ош шаарында Бим окуу жайында массалык мушташ болду 100 жакын студенттер мн
0
Umar080814
2015-11-18 13:32:27
супер инфо менин кабарым койгойлуу эле чыкбады.?
0
admin_portal
2015-11-23 11:05:34
Emil0279 - эскертүү!
Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Эгер Элдик кабар бөлүмүнө кабар жөнөтүүнү кааласаңыз Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз.
0
Emil0279
2015-11-23 12:16:13
admin_portal, эки жактан тен жибердим, сиздер чыгарбаган сон жазып жатам
+3
admin_portal
2015-11-23 12:41:15
Emil0279, эгер Элдик кабарга чыгарылбаса, демек кайсы бир жобого жооп бербейт. Андыктан улам ар бир кабарга комментарий катары калтыра берүүнүн кажети жок.
-4
admin_portal
2015-11-23 14:06:30
Emil0279 - 15 күнгө БАН!
Далили жок жалган маалымат жазып, кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
+1
ryslife888
2015-12-02 22:47:16
Ишенбесенер озунор барып коргуло, баня "с легким паром "
0
AiBoru
2015-12-05 13:28:30
Админ сиздерден суранаарыбыз. Жанылыктарды кобуроок жазсаныздар.
Анан окурмандар жиберген элдик маалыматтарды да баарын чыгарып турсаныздар. (Коптор жазышыптыр го менин кабарым чыкпай калды деп). Бизге ошолор аябай кызыктуу.
+2
Lumia-800
2015-12-05 18:51:27
Буйруса бир смартфон меники болот.:((
-2
kalima88
2015-12-25 18:28:19
Саламатсыздарбы, ага-ини, эже-синдилер? Мен жаны эле катталдым.Толук тушунуп, жондоп кетууго жардам бериниздерчи...(3 жылдан бери аракет кылам, кечээ сааты чыкты). Баса, жаны жылыныздар менен! Жаны жыл жалпыбызга жакшылык кана тартууласынчы...анан албетте мыкты ден соолугун дагы аябасын... ммм, дагы эмне десем, бактылуу эле бололучу.
+1
Ledi89
2015-12-27 20:10:02
Комментарий лерди окууп кулоо берип боорум эзилип калды.хехе
+1
medetbek
2015-12-27 22:27:06
Эми уткан адамдар кандай улгудогу смартфон алып жатат болду экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан