Мелис Мырзакматов 7 жылга эркинен ажыратылды, өкүм сырттан чыгарылды

Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов сырттан 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 22-июлда Ош шаардык соту чыгарганын аталган органдан SUPER.KG`ге тастыкташты. Шаардык сот Мырзакматовду кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу кылмышы боюнча күнөөлүү деп тапты.
Эскерте кетсек, Мырзакматовго "Ош шаарынын мэри болуп турганда шаардагы эстакадалык көпүрөгө байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди жасаган" делинип кылмыш иши ачылган. Учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында эмес.
Жакында М.Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясын колдой турганы белгилүү болгон эле. 
Партия лидери Өмүрбек Текебаев: "Улуттар биримдиги" партиясынын башчысы Мелис Мырзакматов - элдин колдоосуна ээ болгон, чыгаан саясатчы. Аны биз колунан иш келген жетекчи, өз алдынча ой жүгүртө алган инсан катары тааныйбыз. Ага козголгон кылмыш ишине убакыт өзү баа берет",- деп билдирген.
Ал эми Мырзакматов өзүнө тагылган айыптоону "саясий куугунтук" деп айтып келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан