Малайзиядан Бишкекке келген делегацияны тосуп алууда бизде туризмдин чабалдыгы дароо көрүндү

Кыргыз мамлекетине бүгүн, 24-июлда Малайзиядан чыгармачыл делегация келди. Коноктор Бишкектин босогосун аттаары менен өлкөдө туризмдин чабалдыгы көзгө урунду. Делегацияны шаардагы отелдердин бирине жайгаштырууда мейманкана сервиси начар деңгээлде экени көрүндү. Адатта, туризм өнүккөн өлкөлөрдө мейманканага коноктор келишсе, ал жайдын атайын кызматкерлери алардын жүктөрүн унаадан түшүрүшүп, эшикти ачып беришип, мейманканага киргизишет эмеспи. Жол жүрүп келген конокторго суусундук сунушташат.
 
Тилекке каршы, малайзиялык коноктор отелден андай нерсени көрө алышпады. 10дой конок келгенине карабай мейманканада жалгыз коопсуздук кызматкери карап турду. "Келиңиз" деп колунан жүгүн алып, ичкериге ээрчитип кирген кызматкер болбоду. Коноктор чоң-чоң чемодандары менен тепкичтен көтөрүлүп отелге киришти. Андагы салкын мамиле таң калтырганы коноктордун жүзүнөн сезилип жатты. Жашырганда эмне, мейманканада кызмат көрсөтүүнүн эч бир белгиси байкалбай турду. Шыпылдап кызмат кылган адам жок, суусундук сунушталган жок.

Дагы бир жагдай, делегацияны тосуп алган топтун оператору мейманканага коноктор келгенин видеокамерага тартып жатса, коопсуздук кызматкери келип мейманкананы тартууга тыюу салды. Азыркыдай шартта отелди камерага тарттырып, аны жарнамалап ала турган учур болчу. Башкалар кошумча жарнаманы эңсешсе, булардын мындай мамилеси таң калууну жаратты. Бул эми сервистин жоктугунан, персоналдын билим-тарбиясынын жетишсиздигинен, өз иш-милдеттерин тиешелүү деңгээлде билбегенинен кабар берет да.
Кыскасы, кыргыз өлкөсүндө мейманкана сервисинин начардыгы Малайзиядан келген конокторду тосуп алган учурда дароо көзгө урунду.
Малайзиялык журналисттер Бишкекке келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан