Ырчы Омар алдамчылык боюнча айыпталып камакка алынды

Ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев) алдамчылык боюнча айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, ырчы Омар жана шериги Нуржанбек Токтогулов “өткөн жылы Талас облусунун жашоочусунан төө буурчак алышып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталышууда. Нуржанбек Токтогулов мындан бир жума мурун кармалып, эки айга камакка алынган. Ал эми кечээ, 27-июлда ырчы Омар кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эртең сот анын баш коргоо чарасын карайт. Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул боюнча ырчынын жакындарынан жана сахналаштарынан комментарий алганга аракет кылабыз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (70)
g.jumabekova
2015-07-28 15:11:15
Колу менен кылганын мойну менен тартсын. Мыйзам алдында баары бирдей. Ишкер жон жерден арыздангыдай кыларга иши жок дейсинерби. Подстава коро албастык дейсинер жанында жургондой.
+2
nelya88
2015-07-28 15:13:06
Калп! Омарды жакындан коруп-билип эле журобуз.Ыймандуу,жонокой,кишиге жамандыгы жок адам,башкаларга окшоп озун 'звезда'сезбейт.Кто-кто,но Омар болгону учун таптакыр ишенбейбиз!
0
aku
2015-07-28 15:44:35
Омар андайга барбаса керек намаз окуган ыймандуу бала.короалбастык кылып бироолор жасады го
+3
NuraiNurdinova
2015-07-28 15:50:27
Deputattar butup yrchylar kalgan go andan kiyin kimisin kamait boldu eken..?
+2
Naimanka-kg
2015-07-28 16:39:41
Омар 5 убак намаз окуйт. Мен анын мындай ишке барышына ишене албайт экенмин.
-4
aihan77
2015-07-29 02:14:27
Naimanka-kg, Беш убак намаз окуган адамдардын кылганы тигиби айтта жардырабыз деп атканда кармалган? Ишенич жок азыр эч кимге! Жондон жон эле бул баланы каралап куч келиптирби? Алгандан кийин бериши керек ар бир адам бересесин!
0
sabirdinovich
2015-07-28 18:13:02
Баардык чындыкты Кудай билет, Кудай өзү таразалайт. Элибизге Кудай Таала ыйман берсин.
0
toni_stark
2015-07-28 18:29:11
чын окшойт ХХХ ХХХ жазылыптыр бул маалымат
0
admin_media
2015-07-29 14:49:49
toni_stark,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
0
Leo.
2015-07-28 18:52:49
jalgan!!! koro albagandardyn ishi!
0
lolalola
2015-07-29 01:12:12
Azyr kerek bolso janynda jurgon dosuna ishenish kyiyn, podstava dep koyot munu
0
nurzada78
2015-07-29 03:07:08
Ак конул Омар ортого тушуп,алып берген экен да шеригине!Боор ачып,жакшылык кылсан,боорго тебет болуптур!Омардын ак конулдугун пайдаланган!Азыркы заманда байкап ак конул болбосон,адамдар жон эле тебелеп кетишет!
0
rnurzida
2015-07-29 05:37:18
Апрелде арыз жазылган, Омар ушул убакка чейин жашырынып жүргөн деп да маалымат беришиптир.Кызык, качып жүргөн киши Таласка бармак беле? Анан калса, апрелде арыз жазышса ошондон бери кай жакта жүрүштү экен Омарды кармабай. Же Бишкекке келе алышпайбы алар? Ишениш кыйын, ишенбейин десең ырчынын берген интервьюлары ыйманы бекем экендигин айгинелегени менен аны жакындан тааныбайсың. Ишенейин десең, маалыматтары бири-бирине төп келишпей калат экен. Жалган жалаа го деген ой келди. Жараткан өзү колдосун
0
Tattybubu93
2015-07-30 17:11:13
rnurzida,Benzinderi jok bolso kerek ele da, Bishkekke kelgeni...
0
gul-bibi9109
2015-07-29 05:42:46
Супер инфо Сайкалдын баракчасында Омар бул дуйно менен кош айтты деп туратго чынбы бугун азыр((((( я вообще в шоке(((((((((
0
diiazbek
2015-07-29 11:55:03
Кызык еле адамдар коп аа ак конул учун биро алдап аны пайдаланган дейт емне омардын озун башы жооокпу не ага жетишпейбеле бир адам 20тона буурчак алып бер десе макул деп кете бергидей озуно жараша акылы деле болсо керек милиция деле жон еле барып камап койбойтта далили болгон учун камаганда жазасын алсын чындап алдап бербей койсо
0
anyay
2015-07-29 12:40:52
ошо намаз окуп алыып ыплас жургондор кобойду, "бироону билбей туруп талкууга алба!" деген соз бар эле
0
vip.nur91
2015-08-01 22:39:35
Молодец кылмышкерди жазалоо кажет эн туура иш болгон баары мыйзам чегинде болот мыйзам алдында Омарбы башкасыбы бирдей! Но шермендечилик эми бети болсо сахнага чыгуунун кереги жок деп эсептейм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан