"49 миң жаран - булар 3 жылга "кара тизмеге" киргендер. Алардын бир жарым жылдык мөөнөтү кыргыз жеринде өтсө, кайра Орусияга кире алышат. "Кара тизмеге" кирип калган жарандар бир жарым жыл убактысы өткөндөн кийин Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын маалымат базасынан өзү тууралуу маалыматты текшерип, тизмеден чыгарылган болсо, кире берсе болот. Тизмеден чыгарылгандарды Федералдык миграциялык кызмат 20-июлдан бери маалымат базасына жүктөп жатат.
Ал эми 192 миң кыргыз жараны Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөнүн билдиргенбиз. Алар ушул жылдын 20-июлунан тартып 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып, кайра киришсе болот. Учурда айрымдары документтерин тууралап алуу үчүн чыгып кетип жатышат. Ал эми колунда 5 же 10 жылга Орусия аймагына кирүүгө тыюу салынган соттун чечими болуп туруп чыкпай жүрүп алгандар эми чыгып, кайра киребиз дешсе, кайра кире алышпайт. Алар ошол соттун чечимине ылайык, чектелген мөөнөтү өткөндөн кийин гана кирүүгө укук ала алышат".
Ал эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыкканы же чыкпаганы тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө байланышып маалымат алышса болот.
Байланыш телефондору: (0312) 90-63-05, 90-63-82.