“Иштамберди” алтын кени 20-сентябрда ишке кирет

Ала-Бука районундагы “Иштамберди” алтын кени быйыл 20-сентябрда ишке кирет. Маалымат премьер-министр Темир Сариевдин Ала-Бука районундагы иш сапарында айтылды. Маалыматка таянсак, жабдуулардын жарымы ишканага жеткирилип, жарымы Кытайда даярдалууда.

"Ишкана иштей баштаса, жылдын соңуна чейин республикалык бюджетке салык түрүндө 100 миллион сом түшөт, ал эми комбинат толук кишке киришсе, 267 миллион сом түшмөкчү. Быйылкы жылга карата социалдык пакет долбоорунун алкагында Кызыл-Суу районунда 17 чакырым суу түтүгү орнотулуп, калк таза суу менен камсыз болгон, жолдор оңдолуп, медициналык пункт курулган. Ал эми кийинки жылга карата социалдык долбоор иштелип чыгууда",- деп билдиришти өкмөттөн.

“Иштамбердинин” катардагы кызматкерлери 20 000 сомго чейин айлык алышса, жер астында иштегендер 100 000 сомго чейин айлык алышары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан