Баткенде кайрадан ок атышуу болуп, абал курчуду

Баткенде бүгүн, 4-августта кыргыз-тажик жарандары кайрадан ок атышып, абал курчуду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуяга күбө болгон тургун кабарлады. Анын айтымында, 3 кыргыз жаранына таш тийип, оор абалда ооруканага жөнөтүлдү. "Эки тараптан 100дөй эл чогулуп турган. Бири-бирин таш менен уруп башташты. Ок да атылды, бирок андан жаракат алгандар бар же жок экени белгисиз. Ал эми 3 кыргыз жаранынын башына таш тийип, ооруканага жиберилди",- деди ал.  
Айта кетсек, кечээ, 3-августта да ушул эле Баткен районунун Көк-Таш айылынан 80 кыргыз, Тажикстандын Чорку деген айылынан 120 тажик чогулуп, суу жана жол маселеси боюнча жаңжалдаша кетишкен. Анткени алгач Чорку айылынын эли Көк-Таштын жогору тарабындагы Майское айылындагы мүрзөгө бара турган жолду тосуп салган. Ага жооп катары Көк-Таштын эли Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салган. Натыйжада уруша кетишкен. Андан кыргыз тараптан 5 адам жаракат алып, 7 үй, 1 автоунаа талкаланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
medina.
2015-08-04 15:24:19
Чондор бир кабар алып койсо болбойбу?!Мактанчаактар кайда жоголду?Кыйратам дегендерди ушундайда коруш керек да!!!!
+3
admin_superstan
2015-08-04 15:31:44
ulash.kg, Patriot...kg, провокацияга жол жок! 3 күндөн БАН!
-2
Amantur.
2015-08-04 16:03:06
Карапайым калкты кыйнай бербей эки мамлекеттин кыйындары жолугуп чек араны бир жаңсыл кылып чечип койсо болбойбу?
+2
bermet104
2015-08-04 16:35:25
Сууну вообще жаап салышсын. Анан көрөбүз ХХХ ХХХ
+3
admin_superstan
2015-08-04 16:58:09
bermet104, башкалардын улутун мазактоого жол жок! Эскертүү!
-2
al-abu-kinesz
2015-08-04 17:08:03
ушул ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ маселени чечкенге аракет да кылбаган чондорду даХХХХ...
0
admin_superstan
2015-08-04 17:19:27
al-abu-kinesz, провокация жаратуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
+1
kubat_1973
2015-08-04 17:24:40
Кечээ эле Омарга албарстыча жалынып камалса журогу ооруп чыгарса кубанып биз сени менен деп колокосуно жалынган комментарийчилер бугун жокко же Баткенде жарадар болуп таяк жегендер Омарча боло албайбы силерге .Баткендик туугандарга журогунор оорубайбы эл жерден Омар бийикпи эмне учун бугун жазбайсынар Баткендиктер биз силер мененбиз деп жок дегенде соз менен колдоо корсотуп
+9
Minhi
2015-08-04 18:47:08
kubat_1973, ооба туура айтасын.азыр комментарий жазгандар баары баткен обл тургундары
+3
al-abu-kinesz
2015-08-07 01:21:53
Minhi, мин бир уйдун муйузу сынса мин уйдун муйузу зыркырайт дейт, Баткендик туугандар, Баткен сага, мага, бизге керек! Кыргыздын алакандай жери баарыбыз учун ото кымбат, силер эле эмес озун патриотмун деп эсептеген ар бир кыргыз жаранынын нерви кайнап турат азыр...
Баткендиктер биз илер мененбиз!!
0
Nemo_0587
2015-08-04 18:49:49
Бир эле Сариев эмес, чек ара кызматынын башчысы да эс алууда экен.
0
bakyt_2015
2015-08-04 21:17:26
Ушул чек араны такыр жаап салса эле болгудай Украина Россия чегин жапкандай дубал менен эле. Тажиги жок эле кун отот эле менимче. Пайдасынан зыяны коп ушулардын. Баткен шаарынын ичине айыл чарба продукциясын мамлекеттик баада сатып алчу болумдорду ачса. Эл тажикке да,озбекке да кирбей эле тирлик кылат эле.Аны ойлогон чон кайда,чонток толтуруштун эле айласында.Ушул жерге да чыгымдарды калыбына келтиргиле деп акча болсо аны да болушо качат, биздин чондор ошону эле билет.
+2
feruza86
2015-08-04 23:14:06
Ак уйду Баткенге жылдырыш керек.Жана депутаттарды семьясы менен жонотуш керек.Ошондо ойлонушат булар эмне кылышты.
+2
toktopolot79
2015-08-05 00:24:08
feruza86, Эң туура айтасыз! Ак үйдү Кыргызстандын эң көйгөйлүү жерине жылдырып, мүмкүнчүлүк болсо ошол чиновниктердин бирден балдарын чек арага какайтып койсо, бир жуманын ичинде чек ара масалеси бир жаңсыл болуп чечилмек.....
+1
mega777
2015-08-04 23:49:48
Өзүбүздүн жерде өзүбүздүн эл башка улуттан кордук көргөнү качан токтоор экен.Өкүнүчтүү.Мамлекет өгөй баладай кылып таштап койбой көңүл болуп,элин коргоп,элинин кызыкчылыгын колдоп алса болмок.
+2
bs_boykg
2015-08-05 00:03:57
Баткенди онуктурмоюнчо Кыргызстан онолбойт эч качан,чондор эмнени кыйратып коюп эс алып жатышат? Баткен Сибирь болуп калды го эч ким конул бурбай!Эртен шайлоодо барышат жалдырашып шайлап койгулачы дешип
+2
bs_boykg
2015-08-05 00:06:42
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ошондо биздин чек арага жакындай алышпайт вообще!
+1
admin_superstan
2015-08-05 10:14:36
bs_boykg, провокацияга жол жок! 5 күн БАН!
0
munar91
2015-08-05 12:46:17
О чон баштардын журогу тушуп, оозуна соз келбей калган учуру.. Эгер Тажикстандан катуу эле кыйкырык чыкса Кыргызстанды таштап качайын деп эле турушат. Эртен эле кайра баарын унутуп , шайлоодо аш-гошун жеп ма сага деп добушубузду берип коебуз. Анан мыйзамга "ар бир депутат кезектешип жылына 3 кундон Баткен чек арасына турууга милдеттуу"-деген берене киргизип коюш керек.
0
Minhi
2015-08-05 16:31:16
Ак уйду Баткенге которуу керек АША, атка минер, ХХХХ да семьясы менен кочуруу керек оздорунун баштарына таш тиймейинче бироонуку сезилбейт.Кен байлык Кумтор деп эле озунун кызыкчылыгын ойлоп бакылдай бербей чек араны да айтышып ушундай сайрасалар болот эн биринчи Текебаев
0
admin_superstan
2015-08-05 17:01:39
Minhi, мазактоодон алыс болуңуз!
0
Aza96
2015-08-06 00:32:59
Э депутаттар Балли. Анан коментари азго баары эле озубуздун беткендиктер окшойт омардын куйормандары кайда журот бир коментари жазалбайсынар дагы кыргыз бы ДейСи нер байкуш омор дейсинер аякта кыйналып жаткандар байкуш эмеспи мен демекчтмин баткендиктер озубузду озубуз коргобосок ак уйдогулорго ишнбегиле аларга ишенсек озбок дагы таджиктагы тебелей берет БАТКЕН АЛГА АЛЛАХЫМ ОзУ КОЛДОСУН!!!!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан