"Танк биатлону" жарышынын биринчи этабы – жыйынтыгында ар бир экипаждын рейтинги аныктала турган жекече жарыш. Экинчи этап – мелдештин мыкты командасын аныктай турган эстафета. Мында экипаж эксперттер менен көрүүчүлөргө ылдамдыкты эле эмес, ар түрдүү тоскоолдуктарды жарып өтүү чеберчилигин көрсөтүштү. Мелдешке катышкан танктар түрдүү түстө, чүчү кулак боюнча кыргыз өлкөсүнүн танктарына кызыл түс тийген.
"Биздин 1-экипаж трассага 3-августта чыкты. Жүрүштүн алгачкы башталышы дээрлик эң мыкты башталган, бирок кечмеликтен өтүү учурунда биздин танк кокусунан өчүп калып, техниканын алмаштырылышын күтүүгө туура келди. Натыйжада мекендештерибизде убакыттан уттуруу коркунучу пайда болду. Бүгүнкү күндө мелдештин турнирдик түзүмүн Казакстандын, Орусиянын жана Армениянын экипаждары баштап турушат, анткени алар мелдештин биринчи күнүндө эле өздөрүнүн жылдыздарын жеңип алышкан. Кезекте биздин экинчи экипаждын жүрүшү сыналат, алардын аракетинен биздин топтун жарым финалга чыгуусу көз каранды болуп турат. Биринчи жүрүштөгү танк сынагынын кокустан токтоп калуусу биздин экипаждын күжүрмөн маанайын буза албайт деп терең ишеничтебиз",- деп билдирди министрлик.
Жеке жарыштын жеңүүчүлөрү бардык 36 экипаж чыгып бүткөндөн кийин 6-августта аныкталары айтылды.