16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары өзбекстандыктарды 3:1 эсебинде утушту (фоторепортаж)

Кытайдын Вейнянь шаарында 16 жашка чейинки курактагы футболчулар арасында эл аралык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке Кытай, Кыргыз Республикасы, Монголия жана Өзбекстан командалары катышууда. Мелдештин алгачкы оюндары бүгүн, 10-августта орун алып, кыргыз футболчулары бул күнү Өзбекстандын өспүрүмдөр курамасы менен беттешти. 
Беттеш курч мүнөздө башталды. Кыргыз футболчулары топко ээлик кылуу менен ишенимдүү оюн алып барышты. Ал эми өзбек футболчулары каршы чабуул уюштурууга даяр болуп, көп учурда атаандаштын коргоочуларына басым кылып жатышты. Коргоочу Малик Айтбаевдин алыстан узаткан соккусу дарбаза тулкусуна тийди. Жерге эленип, бош калган топту дарбазага Эмир Шыгайбаев башы менен таамай багыттап, эсепти ачты. Кийинки голду чабуулчу Азирет Момошев жаратты. Алгачкы тайм 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Экинчи таймда өзбек футболчулары аракеттерин бир топ арттырышты. Мунун артынан алар адегенде гол жаратышты, андан кийин орой оюну үчүн 1 футболчусунан айрылышты. 10 киши калганы менен, оюнчулар өз күчтөрүн көрсөтүп, биздин коргоочуларга бир топ кыйынчылык жаратышты. Кыргыз футболчулары 3-голду кошумча убакытта киргизишти. Алар бурчтан чыгарууну мыкты пайдаланып, татыктуу утушту камсыздашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
kadamjai90
2015-08-10 21:46:53
Урааа азаматсынар .кийинки ойунунаргада ийгилик жениш менен кайткыла кудайым озу куч кубат берсин силерге. Алга Кыргызыстан
0
kenzhebekkkk
2015-08-10 22:01:22
Азаматсынар жигиттер!!! КЫРГЫЗСТАН алга!!!
0
alinevajnokg
2015-08-10 22:15:06
Кыргызстан алга! Азаматсынар жигиттер...!
0
Nuranna_93_kg
2015-08-10 22:21:15
Azamatsynar!!! Iygilik aldydagy oiundarynarga dagy.Akyrky jyldary Kyrgyzstan jok degende sport jagynan akyryndap onugup kelatkany kubandyrat.
0
moskyrsat
2015-08-10 22:26:20
Оооо биз жактанда акыры кун чыгыптырда. Коптон бери кутуп журот элем ушундай эсепти. Алга жигиттер...
0
miki_93
2015-08-10 22:48:52
Ооо азаматар кийинки ойундарга да ийгилик толко Жениш менен кайткыла
0
bolsunalban
2015-08-10 23:07:49
Азаматсынар
0
marmiladka9
2015-08-10 23:18:28
азаматтар!!!!!!!!
0
Drogba
2015-08-10 23:19:24
Кудакаласа келечегибиз жакшы ушундай жигитерибиз менен сыймыктанабыз алга Кыргызз элим алга.
0
yslam
2015-08-10 23:53:17
16 жаштагылар, 36жашка чейин атаандаштарды утуп жургуло!
0
NurbekKG
2015-08-11 00:00:17
Азаматсыңар кыргыз футболун келечеги!!!
0
kama_future_millioner
2015-08-11 02:00:01
Куттуктайм азаматсыңар жигиттер
0
Aibek8992
2015-08-11 07:16:02
Азаматтар,бали! Жагымдуу жаңылык.
0
zhusaliev89
2015-08-11 07:55:19
Азаматсынар
0
askarkg
2015-08-11 18:25:48
Азаматдар мыкты ойношту, бирок аралыкта бир-бирине топ бергенде кичине проблемы бар, биз жактын командасы монгылдардыкын 9да 0 калтырды, ошого биздин жонгонун командасына жакшырак туруп ойнош керек!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан