Бүгүн, 12-августта Боом капчыгайындагы унаа жолуна таш көчкү түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда №34-Жол-колдонуу ишканасы жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан улам жаракат алгандар жок, бирок бир нече унаа зыянга учураганы айтылууда.