11-августта Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында 12-кабаттагы бийиктиктен кулап каза тапкан жумушчу кыргыз жараны эмес, тажик жараны экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган шаардын Дзержинский кичи районундагы "Витязь" комплексинин 12-кабатында иштеп жаткан 3 жумушчу кулап түшкөн. Жыйынтыгында бири каза тапкан, экөө оор жаракат алышкан.
Каза болгон жумушчу Тажикстандын жараны экени аныкталды.
Жаракат алгандар КРнын Ош облусунда туулган жарандар Бакытбек уулу Жаныбек (1996-жылы туулган) жана Алтынбек Тагаев (1983-жылы туулган) экени белгилүү болду. Учурда алар ооруканада медициналык жардам алышууда. Алардын биринин омурткасы жана баш сөөгү сынып, комада жатат. Экинчи жумушчунун мээси чайкалып, баш сөөгү сынган.