Орусиядагы "Танк биатлону" жарышынын финалына 4 команда өттү: Орусия, Кытай, Казакстан жана Сербия. Жарым финалда 8 команда ат салышып, мамлекетибиздин командасы жарыштын бардык баскычын 94 мүнөттө басып өтүп, финалга чыкпай калды. Жыйынтык - 6-орун. Орусия командасы аралыкты 73 мүнөт 33 секундада, Кытай 77 мүнөт 32 секундада, Казакстан 78 мүнөт 18 секундада, Сербия 83 мүнөт 23 секундада өтүшкөнү жарыяланды.
Жарым финалга катышкан командалар: Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Армения, Сербия, Кытай, Индия жана Тажикстан. Сынактын финалы 15-августта Москванын алдындагы Алабино полигонунда орун алат.