Бишкектеги Фучик эс алуу багынан адамдын кесилген башы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Айта кетсек, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары табылган. Ал эми кечээ, 15-август күнү Фучик эс алуу багынан белгисиз адамдын башы табылды. Азырынча табылган дене мүчөлөр Кара-Кулжа районунун 1987-жылы туулган тургунуна таандык экени айтылууда.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн мыкты кызматкерлер тартылганын билдирген.