8 жыл мурун жаш баласы менен Казакстанга кулчулукка сатылган кыргыз аял табылды

Казакстанга 8 жыл мурун жаш баласы менен кулчулукка сатылган кыргыз аял табылды. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө чалып, баласы менен качып жүргөнүн, Алматы шаарынын четинен байланышка чыкканын билдирген. 

Бүгүн, 28-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуя боюнча Казакстандагы консулдук иш алып барып жатканын маалымдады.

Кулчулукта уулу менен жүргөн аял Ош облусунун Ноокат районунан экени белгилүү болду. Ал жаңы төрөлгөн баласы менен Казакстанда кулчулукта жүрүп, шарты начар жерде мал багып келгени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulzar_gulu
2015-08-28 11:43:33
Эсен-аман келип алсын жергебизге.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан