Казакстанда 8 жылдан бери кулчулукта жүргөн кыргыз аялдын жарандыгы такталган соң мекенине жөнөтүлөт

Казакстанда 8 жылдан бери кулчулукта жүргөн кыргыз аялдын жарандыгы такталган соң мекенине жөнөтүлөт. Бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов: "Кулчулукка сатылган деген аял биз менен байланышка чыкты. Казакстандагы консулдук менен сүйлөштү. Байланыш телефон аркылуу гана болууда. Ал өзү азыркы тапта кайсы жерде жүргөнүн так билбей жатат. Биздин кызматкерлер ага консулдуктун дарегин берип, келгенде жол кирени төлөшөрүн айтышты. Ал аял менен жолугуп, анын жарандыгы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасына алып келүү аракеттери көрүлөт",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан