Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Тарых музейинде өтөт

Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Тарых музейинде өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өкмөттүк аппараттан билдиришти. "Бирок расмий буйрукка кол коюла элек",- дешти аппараттан.
Турдакун Усубалиев 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду. 
Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун, 1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти, 1965-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген.
1958-1961-жылдары Кыргызстан КПнын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, 1962-1984-жылдары СССР Жогорку Советинин 5 жолку, 1959-1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку, 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 
1-даражадагы Манас, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 
Былтыр анын 95 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aruukeramazan
2015-09-07 15:18:36
Кандай залкар адам эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Разаков менен Усубалиевге жетиш кайда. Мындай адамдар чанда гана жаралат.
+2
kyrgy3bai
2015-09-07 17:42:38
Эл үчүн кылган ишине АЛЛАХ ыраазы болсун!ЖАРАТКАН өзү жолдош болсун!
0
Mavlyuda
2015-09-08 08:58:22
Жаткан жери жайлуу акырети бейиштен болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан