Европадагы качкындар көйгөйү: Видеого тартуу үчүн полициядан качып бараткан мигрантты кулаткан оператор интернетте кызуу талкууга алынды

Венгриянын борбору Будапешт шаары Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз да, мыйзам чегинде да кетип жаткан качкындар өтүүчү жайга айланды. Жакшы жашоодон үмүттөнгөн мигранттар Түндүк Европадагы өлкөлөргө тоскоолдуктарга карабай кетип жатышат. Венгрия бийлиги эки жолу темир жол каттамдарын токтоткону абалды жакшырткан жок, качкындардын агымы дале токтой элек.

Сербия менен Венгриянын чек арасындагы убактылуу баш калкалоочу жайда 8-сентябрда жүздөгөн качкындар менен полиция кагылышкан. Полиция кызматкерлери абалды жөнгө салуу үчүн газ да колдонушканы менен, лагердеги мигранттар тосмону бузуп, Будапештти көздөй жөө жөнөшкөн.

Лагерден качып бараткан мигранттарды европалык ММКлар чагылдырып жатышкан. Колундагы баласы менен полициядан качып бараткан мигрантты буттан чалып кулаткан оператор тууралуу видео интернетке тарап, колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган. 

Кызыктуу кадр тартуу үчүн мигрантты кулатканга чейин барганы айтылган оператор айым венгриялык N1TV каналынын кызматкери болгон. Коомчулукта талкууга алынган окуядан кийин телеканалдын жетекчилиги аны кызматтан алганы 9-сентябрда белгилүү болду.

Венгер операторунун качкындарга кылган мамилеси дүйнөдө катуу талкууга алынууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
tynkatar03
2015-09-09 14:05:09
бутун сынгыр!!!
+2
zhykyo
2015-09-09 14:21:30
Эмне эле операторлор, журналистерге кол салышат деп боорум ооручу эле ушундайынан кол салат тура
+6
Dasto
2015-09-09 15:09:29
Мынакей Европалыктардын "Адам укугу" деген урааны!!!
+1
kutucsha
2015-09-09 15:52:58
Американын демократиясынын кесепети да бул !!! Шайлоодон кийин Кыргызстанда да демократиялык оюндарын баштабаса болдуго АКШ
+2
aza_74
2015-09-09 17:22:09
бала менен эркеке мукурап калсын
0
Zarema94
2015-09-09 18:29:56
Ош0ндуктан кыргызым колд0 бар алтындын баркын билип, тынчтыкты,ынтымакты барктайлы! Пр0вакацияга, акчага алданбай, эмгек менен эл-жерибизди сактайлы!
+5
Nur1k_
2015-09-09 18:42:19
Ыйлагым келип кеттиго. Жыгылган кишинин үнүн угуп ((
+2
Arlenchik
2015-09-09 20:09:36
Акмак экен кыз башы менен бала которуп кележатканын коруп туруп кылганын.
+2
Msto005571
2015-09-09 21:14:00
Славянский видтер да
0
312kyrgyzstan
2015-09-09 21:39:06
Айбан екенго баланын жытына зар болуп олоор
0
manas93kg
2015-09-09 23:43:12
Мен эч тушунбодум не болуп атат озу?
0
erikkarakulja
2015-09-10 00:03:06
Американа тийсин убалы
+1
Adi.Avazbekov
2015-09-10 02:00:22
Janynda bolgonumda atyp salmakmyn
0
kagan77
2015-09-10 10:44:09
Мусулман олколорунда америкалык жооттордун кылган согушунан качкан качкындар европанын копкон адамдарына кор болууда. Жооттордун кылганын билип туруп мусулмандар бири бирин кырып жатканы окунучтуу.
0
kagan77
2015-09-10 10:47:22
Бул америкалык жооттор жакында Молдавияны экинчи Украина кылышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан