Бишкектеги өспүрүмдөр мелдешинде Непал курамасы Иорданияны утуп, тайпада 1-орунду ээлеп турат (фоторепортаж)

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн, 16-сентябрда футбол боюнча 4 мамлекеттин өспүрүмдөр командаларынын катышуусунда мелдеш старт алды. Анда алгачкы оюнда Непал менен Иордания курамалары кез келип, оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. 
Башкы 20 мүнөттө иорданиялыктар ишенимдүү ойноп, бир канча чабуул уюштурушту. Бирок чеберчиликтин жетишсиздигинен алар мүмкүнчүлүктөрдү бошко кетиришти. Оюндун 27-мүнөтүндө Непалдын оюнчулары кезектеги чабуулду уюштуруп, голго айландырышты. Экинчи таймда да Иорданиянын оюнчулары активдүү оюн көрсөтүшкөнү менен, Непал каршы чабуул уюштуруп, алардын айласын кетирди. 69-мүнөттө непалдыктар дагы бир гол жаратышты. Эки голду тең Рейжн Сабба аттуу футболчу киргизди. Иоданиянын оюнчулары 90-мүнөттө гана гол киргизүүгө жетишти. Анда Фарис Билал аттуу оюнчу айырмаланды. 
Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасы бүгүн алгачкы беттешин Оман курамасына каршы өткөрөт. Беттеш саат 20:00дө башталат. Кирүү акысыз. 
Алгачкы оюндан кийин Непал курамасы мелдеш жадыбалында 1-орунга чыкты. 

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Непал

1

3

2

Кыргыз Республикасы

0

0

3

Оман

0

0

4

Иордания

1

0

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaka9204
2015-09-16 23:03:44
Жакшы оюн болуптур.Кыргызстан командасы да эн жакшы оюн корсотуусу керек.Анткени оз жерибизде утулуп калуу болбойт.Алга Кыргызстан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан