Бишкектеги өспүрүмдөр мелдешинде кыргыз футболчулары Оманга 2:0 эсебинде утулуп калышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алды. "В" тайпасында жүрүп жаткан күрөштүн 1-турунда кыргыз футболчулары Оман курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде утулуп калышты. 
Беттештин башында омандыктар ылдам гол киргизип, эсеп катыштыгында алдыга чыгышты. Көп өтпөй биздин футболчулар экинчи голду өткөрүп алышты. Андан соң кыргыз футболчулары чабуулда көп убакыт өткөрүп, гол киргизүү аракетин көрүп жатышты. Бирок 2 гол киргизип алган Оман коргонууда мыкты ойноп, биздикилерге жыйынтыктоочу сокку узатуу мүмкүнчүлүгүн беришкен жок. 
Кошумчалай кетсек, бул тайпада орун алган алгачкы беттеште Непал курамасы Иорданияны 2:1 эсебинде утуп алган. Учурдагы мелдеш жадыбалындагы абал төмөнкүдөй: 

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Оман

1

3

2

Непал

1

3

3

Иордания

1

0

4

Кыргыз Республикасы

1

0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bakaiBBBB
2015-09-16 23:09:59
Начар
0
Eraly___
2015-09-16 23:15:15
Кийинки оюнга ийгилик жигиттер.
+3
universal
2015-09-17 00:47:53
Ар бир моментте рисковать этпей
проффесионально ойноону уйротуш керек!
болсо болду-болбосо болбоду дебей.
+1
Adi.Avazbekov
2015-09-17 03:24:13
Aiaiaiai
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан