Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеш уланат. Азия чемпиондугунун тандоо турунда бул күнү "В" тайпасында 2-тур оюндары болот. Анда алгачкы оюнун уттуруп жиберген Иордания курамасы тайпадагы лидер Оман менен кез келет. Ал эми кыргыз футболчулары Непал менен ойношмокчу.
18-сентябрь
Саат 15:00. Иордания – Оман
Саат 20:00. Кыргыз Республикасы – Непал
1-тур оюндарында төмөнкүдөй жыйынтыктар катталган:
Мелдеш жадыбалында абал төмөнкүдөй:
ОРУН | КОМАНДА | ОЮН | УПАЙ |
1 | Оман | 1 | 3 |
2 | Непал | 1 | 3 |
3 | Иордания | 1 | 0 |
4 | Кыргыз Республикасы | 1 | 0 |