Кечээ, 19-сентябрда Бишкекте эрежесиз эр уруштун
ММА JFC версиясы боюнча чемпиондук наам үчүн беттеш болуп өттү. Анда америкалык 44 жаштагы мушкер Жефф Монсон кыргыз спортчусу Замирбек Сыргабаев менен кез келди. Спортчулар 3 раунддук беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 3 калыстын чечими менен кыргыз спортчусу жеңишке жетишти. Панкратион боюнча кезинде Евразиянын чемпиону аталган Замирбек Сыргабаев алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга чыкты. Ал эми Монсон атаандаштын ар бир чабуулуна жооп кылып жатканы менен, октагондо демилгени 3 раунд бою өз колуна алган жок. Жыйынтыгында жеңиш Сыргабаевге ыйгарылып, чемпиондук кур тагылды. Кошумчалай кетсек, Жефф Монсон ММА эрежеси боюнча 79 беттеш өткөрүп, 55 ирет жеңишке жетишкен. Бул жеңилүү анын карьерасындагы 24-жеңилүү болуп калды.