Кыргыз Республикасы - Иордания - 4:1
Голдор: Гүлжигит Алыкулов (11-мүнөт), Эмир Шигайбаев (33-мүнөт), Максат Жакыбалиев (72-мүнөт), Тимур уулу Ороз (90-мүнөт).
Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру ("В" тайпасында) жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу беттеште өспүрүм кыргыз футболчулары Иордания менен кез келип, 4:1 эсебинде утуп алышты. Бул беттешке Иордания курамасы 3 упай алуу үчүн чыккан. Себеби карамагында 3 упайы бар иорданиялыктар кийинки баскычка чыгууга аракет кылып жатышкан. Ал эми алгачкы 2 оюнда уттуруп жиберген кыргыз футболчулары кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошентсе да алар күйөрмандарды кубантуу, өз үйүндөгү мелдеште бир ирет жеңиш даамын татуу үчүн чыгышкан. Эки команданын ичинен мамлекетибиздин курамасы максатына жетип, утушка ээ болду.
Иордания курамасынын оюнчулары узун пастар менен ойногонун жана башка 3 командадан ушул стили менен айырмаланарын көргөнбүз. Кыргыз футболчуларына аларга каршы ойноо бир топ ыңгайсыз болсо да, алар оюнду активдүү баштап, демилгени колго алышты. Иорданиялыктар алыстан сокку узатуу менен бактыларын сынап жатышты.
Кыргыз футболчулары майда пастар менен ойноп, голдорду ушунун эсебинен киргизишти. Алгач Гүлжигит Алыкулов дарбазачы менен бирге-бир чыгып, эсепти ачты. Экинчи голду Эмир Шигайбаев киргизди. Ал эми 2-таймдын башталышында иорданиялыктар эсепти кыскартып, Лаид Хуссам айырмаланды. 3-голдон кийин кыргыз футболчулары өзүлөрүн бир топ ишенимдүү сезип калышты. Голду болсо бүгүн капитан болуп майданга чыккан Максат Жакыбалиев алып келди. Оюндун акыркы мүнөтүндө кыргыз футболчулары кыска пастар менен атаандаштардын коргоочуларын жазгырып, Ороз Тимур уулу дарбазачы менен бетме-бет чыгып калды. Ал топту алыскы бурчка багыттады жана кыргыз футболчулары ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.
2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугуна Оман курамасы жолдомо алды.
Мелдеш жадыбалы:
ОРУН | КОМАНДА | ОЮН | УПАЙ |
1 | Оман | 3 | 6 |
2 | Непал | 3 | 6 |
3 | Кыргыз Республикасы | 3 | 3 |
4 | Иордания | 3 | 3 |