Ош шаарында эшектер багылган ишкананын ээси милицияга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын түндүк тарабында жайгашкан, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу (мурдагы жибектен кездеме токуучу комбинаттын аймагы) аймакты текшерген учурда, 132 эшек короо ичинде багылып жаткандыгы, алардын ээси Кытай Эл Республикасынын жараны, 1969-жылы туулган Сун Гуо Жан экендиги аныкталды.
"Аталган кытайлык жаран өз түшүндүрмөсүндө Кытай-Кыргыз биргелешкен ишканасынын ээси экендигин, буларды Кытайга экспорттоо үчүн акыркы алты күндүн аралыгында гана аймактын элинен ар бирин орточо 2000 сомдон сатып алып жаткандыгын, эшектерди Кытайга алып кете тургандыгын айткан. Ошондой эле буларды чогултуу, экспорттоо үчүн бардык уруксат кагаздары бар экендигин билдирген. Бирок ал кагаздар башка бир жердешинде экендигин айтып, документтерди көрсөтө элек.
Милиция кызматкерлери аталган аймактарды толугу менен кыдырып көрдү, мал союлган жерлер аныкталган жок. Териштирүү улантылууда",- дешти Ош ШИИБинен.