Жумгалда 9-класстагы Эркинбекти жүрөк тушка катуу уруп, өлүмгө жеткирген бала СИЗОдо отурат

19-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти өлтүргөн деп шектелген 11-класстын окуучусу Ж.Т. СИЗОдо отурат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына аталган райондун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда соттук-медициналык иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы 28-29-сентябрда чыгышы күтүлүүдө. Мындан тышкары аталган факт боюнча Жумгал райондук жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө иштери уланууда. Ошондой эле жергиликтүү милиция окуу жайлардын жетекчилиги жана окуучулардын ата-энелери менен биргеликте мушташтардын алдын алуу иштерин өткөрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
akzuura
2015-09-25 11:52:43
Ырас болот бир отоло камап чыгарбай эле койсун анын эмнесин күтөт?
мыкаачыланып ар кимге күчүн көрсөтүп сыра ичимдигин алдырп жада калса бирөөнүн үшүтпөй багып жүргөн баласын өлтүрүп койду акмак!
+11
nur-patriot
2015-09-25 11:54:46
жакшы болду. түрмөдө жашоо эмне кенин эми билесиң
+1
Begimkyz
2015-09-25 12:00:14
Балким кокустуктур. Эч кимдин башына мындай жаман күндү салбасын, бирөөнү табалабай эле коелу. Оюндан от чыгат дегени ушул болсо керек.
-5
kursantbek
2015-09-25 12:13:44
воопще безпонятный адамдарда 11 кл болсо еле ура бериш керек емеско !!! дагы айта турган соз коп просто жазып жалкода баарибир ал адамдар окубагандан кийин)))
0
nur-patriot
2015-09-25 12:14:59
башкаларга үлгү болуп берсе кен
+2
Gema
2015-09-25 12:33:57
окунучтуу,бир четинен кырсык!
0
Eunest
2015-09-25 12:39:55
Кырсык дейсинер. Кырсык адамдын колунан келип жатпайбы? Ошол кырсыкты болтурбай койууга мумкун болот беле? Мына эми,жаштыгындын эн "таттуу" кундору абакта откорот.
0
Santta
2015-09-25 12:56:52
Каттуу жазаласын 2-3 ай олбостук тамак берип турмодо кармасын...
+2
akzuura
2015-09-25 13:00:30
Santta,өмүр бойу кесип салсада болот!2-3ай түрмөдө жатып чыгып даагы башка адамдарды өлтүрүүсүн каалап жатасыңбы?өзүнү рекет сезген адамдын тили тартылбайт сөзүнө күчүнө ишенет .
башкаларда аа өлтүсөда 2-3айда чыгып алды деп каалаганча эркин басышат бир отоло камап салса ошондой окуянын аягы тыялса керек!
+6
sterva
2015-09-25 13:12:19
akzuura, кошулам.
+2
nur-patriot
2015-09-25 14:13:18
sterva, мен да
+2
Santta
2015-09-26 17:47:00
akzuura,Мектеп окуучусу болуп жатпайбы?Адашпаган адам болбойт,бул просто переходный возрастта экендер бул балдар,бир жагынан алган тарбиясынын начардыгы бир жагынан байдын балдары тарбиясы жоктор ушундайга барат герсейишип,мен деле каалайт эле омур бою камап салса просто бул жаштык кылып мындай болушун озу деле билбей калган болсо керек деп ойлоймун,бирок каттуу жазалаш кереек кандай болгондо да!
+1
briliant87
2015-09-25 14:02:51
Не деген эле кундор болуп атат озу?
+1
omka100514
2015-09-25 21:18:51
колу менен кылганды мойну менен тартсын, сот соройлорубуз арзыбаган акчага азгырылбай адилет окум чыгарат деген умуттомун
+2
uran98
2015-09-29 14:12:19
Myndai nerse menin bashyman kop otuu kunuga 2 maal taiak jeit elek birok kudai saktasyn echkim echnerse bolgon emes birok kyiynmyn dep ura bergen bolboit kantse da ozuno jarasha jaza alsyn

erkinbektin ata enesine konul aitam sabyr kylynyzdar
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан