Бүгүн, 25-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Манас айылында терилери сыйрылган эшектердин эти мүрзө жактан табылды. Бул тууралуу окурман
SUPER.KG порталына
WattsApp аркылуу билдирди.
"Түнкү саат 01:00 чамасында Манас айылынан 7 эшекти уурдап союшуп, терилерин сыйрышып, этин таштап кетишиптир. Эшектин терисин 370 долларга баалап жаткан маалыматтар жүрөт, бирок бул кимдин кылган иши экени белгисиз бойдон калууда",- дейт окурман.
Айта кетсек, быйыл февраль айында Чүй облусунун Ак-Жол айылында эшектер союлган жай табылып, эшек этинин чуусу башталган. Мындан кийин өлкөнүн Чүй, Жалал-Абад облустарында союлган эшектердин жатканы маалымдалган. Ал эми жакында Ош облусунда Кытайдын жаранына таандык жүздөн ашуун эшек багылган ишкана табылган. Ошондой эле эшек эттерин
"Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырган кытай улутундагы жарандар тамак-ашына колдонушканы белгилүү болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.