Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Жыгач айылындагы көпүрөнүн астынан
табылган эшектер боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20 күн мурун "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырган кытай улутундагы жарандардын көчүп кеткенине байланыштуу алардын тамак-ашына колдонулган эшек эттери ашып калган. "Мындан улам эшектерди бул жерге таштап кетишиптир. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мекемелерге берилди. Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында эшектердин уурдалбаганы аныкталды. Мындан тышкары жоголгон эшектер боюнча маалыматтар жок. Кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу бул факт кылмыш катары эсептелбейт. Жакын арада табылган эшек эттери көмүлөт",- дешти облустук милициядан.
Айта кетсек, кечээ, 23-сентябрда аталган эшек эттери табылганы тууралуу
ЭЛДИК КАБАР келген. Буга чейин 21-сентябрда Ош шаарында Кытайдын жаранына таандык 130дан ашуун эшек багылган жай
табылган.