Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлерине карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 14-сентябрда аталган төрөт үйүндө Н.А. аттуу айым кыз төрөгөн. Ал аталган төрөт үйүнүн кызматкерлери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, Орусиянын жарандыгына ээ болгон наристесин 50 миң сомго саткан. Ал эми бардык тиешелүү документтер А.К. аттуу Орусиянын жаранына мыйзамсыз жазылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.