"Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутаттыкка талапкер А.Абдыбахаповду ур-токмокко алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-сентябрда саат 15:00 чамасында Сузак районунун Бек-Абад айылында К.Ташиев менен А.Абдыбахаповдун ортосунда уруш чыгып, кийин мушташууга өтүшкөн. Жыйынтыгында Ташиев Абдыбахаповду ур-токмокко алып, денесине жаракат келтирген.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдыбахапов чакан чогулушта Ташиевге карата жаман сөз айткан. Муну билип калган Ташиев өз партиялаштары менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Бек-Абад айылындагы штабына барып, аны ур-токмокко алган. Абдыбахапов Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирет мекеме.