Камчыбек Ташиевдин катышуусунда ур-токмокко алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

"Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутаттыкка талапкер Абдуманап Абдыбахаповдун ортосундагы мушташуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда милиция тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Ошондой эле медициналык экспертизалар өткөрүлүүдө. Аталган факт боюнча кылмыш иши "бейбаштык" беренесинин негизинде козголду.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-сентябрда саат 15:00 чамасында Сузак районунун Бек-Абад айылында К.Ташиев менен А.Абдыбахаповдун ортосунда уруш чыгып, кийин мушташууга өтүшкөнү белгилүү болгон. Жыйынтыгында Ташиев Абдыбахаповду ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргени маалымдалган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдыбахапов чакан чогулушта Ташиевге карата жаман сөз айткан. Муну билип калган Ташиев өз партиялаштары менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Бек-Абад айылындагы штабына барып, аны ур-токмокко алган. Абдыбахапов Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген",- деп облустук милициядан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (59)
ilya.
2015-09-27 20:24:33
Камчыке туура кылыптыр эркек киши эркекче жургону жакшы
-1
chinara.1967
2015-09-27 20:24:55
Ташиевдин уяты жок экен муштумуна ишенген ал муштум акыры озуно тийет акыры
-4
sabyrov.s
2015-09-27 20:28:16
Ташиев урган эмес. Аны уюштурушкан. Ташиев бит туртсо эле,Абдуманап шок абалында болуп,столдорду сузуп озуно жаракат келтирди...
0
LAGLAN.KG
2015-09-28 00:33:47
ЭЭ кыргыз элим дагы деле тушунбойбуз да каяктагы бизнесмендерди колдоп чыныгы кучтуу билимдууну колдобойбуз мушташса патриот деп алар Кыргызстандын ичинде баатыр оброзавание деген аран кыргызстанга отот дагы чиновник акча менен келген бийлике дагы саясатчы деп айтабыз Булар деген тышкы саясат менен такыр иши жок
0
nura.177
2015-09-28 01:29:00
LAGLAN.KG, Ташиевдин 2010жылы элге кылган ишин баары билет,билимида бар. Жаш балага окшоп онтоп болницага барып жатып албай оздорунчо эле бутурушбоптур. Эркектер деле докчуланбай. Ушу кантип депутат болсун, озунон да кеткенда.
-1
Dimonbek
2015-09-28 01:16:23
Красавчик. Кыргыздын духу бар да Ташиевде. Ташиевди билимсиз десенер, ошондой духтагы патриот адам бийликке келсе билимдуулор анын командасына кошулат. Туугандар кырдаалга жараша саясат менен билимдин муктаждыгы ар турдуу. Билимдуу адамда ожорлук, эрк, куч, дух болбосо бийликке кантип келет? Биздин учурубузда, кырдаалыбызда Ташиевтей адамдар керек. Алга Бабанов-Ташиев
+1
KUMTOR1
2015-09-28 02:47:42
Бети жоктор. Шайлоого жакын баары жан берсе жакшы болмок, жегичтер!
0
bakyt.kg
2015-09-28 03:40:52
ташиевге соз жок туура кылган жанагы абдувахапов деген ким озу каяактан чыккан чала [moderated]?
0
Nigimdi.jogotup.aldym
2015-09-28 04:38:08
Бир удар глаза туман болуптурда Ташиев Баатыр Патриот
0
zamir
2015-09-28 08:01:55
Ташиев мырза бутундой кыргыз эли сизди колдойт, Онугуу-Прогресс аман эле болгула ар кимден эле таяк жеп калдынар откондо Бир болдон анан Кыргызстандан эми Республика-Ата Журттан силерде озу бет деген барбы бут ичи куйгон коро албастар толуп алгансынарго
0
12.12.12
2015-09-28 09:25:04
Шайлоо тушумо да кирип чыкты. Эртерек бутсо экен. Эки тарапты тен караш керек. Эгер Абдувахапов Ташиевди каралап жаткан болсо аны да жоопкерчиликке тартуу керек. Ташиев озун кармаса болмок. Ачуулукка алдырып, 5 жаштагы баланын ишин кылбай. Кийин шайлоо буткндо деле суйлошуп алмак экен. Эрегиштен эр олот, эки жигитти бири олот дейт кыргызда.
+1
Take_men
2015-09-28 09:32:35
Аркысы озу жаман соз айтса чертип койсо больницага жатып алса эркек эмес. Ташиев шайлоо алдында озу да абайлап урмак эмес тигини. Провокация го дейм
0
Bereke10
2015-09-28 11:19:12
Камчыбек Ташиевдин маданияты ото томон киши экенин тосмодон ашканда эле корсоткон. Акыл-эси соо адам андай кадамга бармак эмес. Чон муштум,маданияты жок адам кантип ЖКга депутат болот, айыл окмоту болушу да кумон.Ташиев озунун журум-туруму менен партиялаштарын уят кылып артка тартып жатат. ПОЗОР!
-1
AFRODITA-89
2015-09-28 13:07:05
Bereke10,Бул силердин гана оюнар бул ой менен башкалардын да оюн айтууга акыныз жок партиялаштары уят болбой эле тескерисинче сыймыктанат, тосмодон ашкандыгы учун жооп берген а бул тема боюнча али чын тогунун билип билбейм жамандаганынар туура эмес баары текшерилип аныкталып буткон сон билинет ким куноолу ким туура экендиги! Ташиев жондон жон уруш чыгарган киши эмес ананда себеби жок эле мушташа бербейт! Ташиев туура жолдо жургон адам уялмак турсун кайра улгу алчуудай инсан демекчимин!
0
gulaza
2015-09-28 15:07:18
Ммм
0
Gulmirahon
2015-09-28 15:10:19
Ушу Ташиевге акыл кирбей койду го...
-1
sesmen
2015-10-10 10:49:37
Ташиев президент болсо 2чи афганистан болмокпуз,ар кайсыл мамлекет менен согуша бермек,чыр адам окшойт чонойбойбу жаштык давно откон.Козунду ач Ташиев
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан