Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер
Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салды. Мындай чечим бүгүн, 28-сентябрда кабыл алынганын
SUPER.KG`ге БШКдан билдиришти. Мындан тышкары "Республика - Ата Журт" партиясына расмий эскертүү берилди.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы
жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. Бир күн мурун теледебатта "Республика - Ата Журттун" тең төрагасы
Өмүрбек Бабанов Ташиев эч кимди токмоктобогонун билдирип, бирок окуянын чоо-жайын так түшүндүрүп бере албай калган.