Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектеги Түштүк магистралда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбөлөр билдиришти.
Маалыматка ылайык, кара түстөгү БМВ үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жолдон чыгып кетип, түркүктү сүзүп алды. "Жаш айдоочу ошол жерден каза тапты. Учурда окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы, милиция келди. Жол кырсыктын жыйынтыгын көрүүнү каалагандар унааларын жолдун боюна токтотушуп, мындан улам унаа тыгыны жаралды",- дешти күбөлөр.