Окуучулардын бычакташуусунун айынан спорт мектебинин айрым жетекчилери кызматтарынан бошотулушту

Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын окуучуларынын катышуусунда 16-сентябрда Бишкекте орун алган бычакташуунун айынан бул спорт мектебинин айрым жетекчилери кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 30-сентябрда агенттикте аталган окуяны териштирүү боюнча комиссиянын жыйынтыгы талкууланган. Ага ылайык, комиссия бул окуу жайдын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жеңиш Жунусов, спорт боюнча орун басары Айбек Акматов жана окуу бөлүмү боюнча орун басары Светлана Кыдралиеваны ээлеген кызматтарынан бошотууну чечти.

Мындан тышкары спорт мектебинин мугалимдерине жана тарбиячыларына сөгүш жарыяланды. Ошондой эле окуу жайдын 10-классынын окуучулары Азиз Абдрахманов, Шыкмамат Абдыкадыров, Жамгырчы уулу Азамат жана Мирлан уулу Марсель окуудан четтетилишти. Ал эми окуу жайдын директору Муратбек Кыбраевге карата тартиптик чара колдонулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан