Бүгүн, 5-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
Туйгунаалы Абдраимовго мандаттар жеңүүчү партиялардын ортосунда канчадан бөлүнөрү тууралуу суроолор берилди.
Т.Абдраимов журналисттердин бул суроосуна төмөнкүчө жооп берди: "Учурда дагы болжол менен 30 миңге жакын добуш эсептелине элек: 22 шайлоо участкасынан маалыматтар түшө элек, 10 участкада бюллетендер кол менен саналууда. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү 36 участкадан келиши күтүлүүдө. Бардык добуштар эсептелинип бүткөндөн кийин мандаттар канчадан бөлүнө турганы белгилүү болот".