Эл аралык футбол федерациясы Австралияга каршы оюндагы каталардан улам кыргыз федерациясын 28 миң доллар айыпка жыкты

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Австралияга каршы оюндагы каталардан улам Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясын 28 миң доллар (болжолдуу түрдө 2 миллион сом) айыпка жыкты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев билдирди. 
Маалыматка ылайык, ФИФА кыргыз футболчуларынын Австралияга каршы беттешинде катталган 3 факт боюнча ушундай чара көрдү. 
3 факт: 
- Стадионго кирген элдин саны чектен ашкандыгы;
- Трибунада күйүүчү заттын байкалгандыгы;
- Күйөрмандын майданга чуркап чыгуусу. 
Асылбек Кадралиев билдиргендей, ФИФА муну менен катуу эскертүү берди. Эгер бул көрүнүштөр кайталана турган болсо, командага автоматтык түрдө жеңилүү жазылат же команда күйөрмандар жок ойноого мажбур болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aikol87
2015-10-07 12:20:39
Иий кудай кийинки оюнду тынч откоруп алгыла эми.
+2
warsaw.
2015-10-07 12:22:50
кыйын эле болду го 28миң $ ды кантип төлөйсүңөр аа
-4
Rashinboy
2015-10-07 12:26:42
Малга окшоп чуркап чыгышпай ордуларында отурушпайт беле олкого зыян келтиришип куйорман соройлор.
+4
soccer_boy95
2015-10-07 12:34:51
Кыргыздар цивилизациядан арттка калган,маймылдарда окшоп,кашалардан отуп,малга окшоп чуркап...кичине онолсо болот еле Кыргыз туугандар..качанга чейин ушинте беребиз..европадан улгу алсак болот го Кыргызым
+2
EdikoKG
2015-10-07 12:41:53
soccer_boy95, туура.
0
warsaw.
2015-10-07 22:08:35
soccer_boy95, soccer_boy95, европада чуркап чыккандарды көргөн эмессиңби,же аларда биздикилерби не ?

Аларда чуркап чыгат даже кийими жок жыпжылаңач болуп чыгышат чыкканда да.
0
Msto005571
2015-10-07 12:47:02
Эгер Россияда болгондо сынагандан коркот эле орус куйормандар керек болсо поляга чыгып танцага тушот биздин мамлекетти тоготпогону
+3
1982bek
2015-10-07 13:46:31
Маданияттуу эл экенибизди корсотсок болмок.Ошол чуркап чыккан адамды таап,ошол адамга толотуш керек,башкаларга сабак болуш учун.Бир адамдын айынан,биздин эми бутуна туруп келе жаткан футбол федерациябыз толойт.Алардын дагы кемчиликтери бар албетте уюштуруу жагынан.
+1
Lintel
2015-10-07 14:29:46
Чуркап чыккан балага толотуш керек.
0
janybek93
2015-10-07 15:56:36
Бул поляга чуркап чыгуу деле куормандардын коп келип батпай калышы бул мыйзамдуу эле корунуш Мисалы Европа олколорундо футболдук оюндарда деле кагылуу чуркап чыгуу деген болот ФИФАага эмне карабайт да штраф салбайт? болгону бизди бирааз басынтып мамилекетке жараша мамиле кылып жататко деп ойлом
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан