Кыргыз футболчулары менен Тажикстан курамасынын беттеши уланууда. Беттеш комиссарынын эсеби боюнча учурда стадиондо 17 600 күйөрман оюнга стадиондо жандуу күбө болуп жатат.
Кыргыз футболчулары гол киргизүү аракетин көрүп, арты-артынан чабуул уюштурууда. Ал эми тажик футболчулары убакытты созуп, эсеп катыштыгын ушул бойдон сактап калуу аракетин көрүп жатышат.