Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы депутаттарга жаңы 120 кресло сатып алууга камынууда.
Бир күн мурун башкармалык тарабынан 120 орундук сатып алууга тендер жарыяланып, ага жалпы 2 миллион 682 миң сом сарпталары (ар бирине 22 350 сомдон) жарыяланган. Тендердин талабына ылайык, отургучтар накта булгаарыдан жасалып, 120 килограммдан ашык салмакты көтөрө алышы керек. Мындан тышкары 6 айга кепилдиги менен берилиши шарт. Мындай аракет коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Социалдык тармактарда "Шайлоо алдында бардык партиялар "Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартабыз" деп жатышты эле. Алар эмнеге унчугушпайт?" деген суроо коюшууда. Бул боюнча аталган башкармалыктын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду. Башкармалык өкүлдөрү түрдүү шылтоолорду айтып, жооп берүүдөн баш тартышты.