Кечээ, 8-октябрда Тажикстан курамасы менен 2:2 эсебинде тең ойногон футболчуларыбыз 13-октябрда Бангладеш менен ойношот. Бүгүн, 9-октябрдан тарта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассаларында бул беттештин билеттери сатыла баштады.
Маалым болгондой, билеттер 6 категорияга бөлүнүп сатылууда. Билеттин баасы Тажикстанга каршы беттештегидей эле 150 сомдон башталып, 700 сомго чейин жетет. КРнын Футбол федерациясы мурунку көрүнүштөрдүн кайталанбоосу үчүн 1 адамга бештен ашык билет сатылбай турганын эскертет.